Радио

Омуралиева: псориаз дарты балдар арасында да кездеше баштады

Врач-дерматолог Бегайым Омуралиева балдар көбүнчө тери ооруларынын жугуштуу түрү менен кайрыларын айтты.
Sputnik
Айрым тери оорулары күн нурунан улам да пайда болушу мүмкүн. Бирок бул фактор бардык адамдарга эле тиешелүү эмес экенин Бегайым Омуралиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мурда псориаз чоңдордун гана оорусу деп эсептелип келген.

"Негизинен бизге келген бейтаптар көбүнчө темирөткү, чакалай, атопиялык дерматит, пиодермия өңдүү жугуштуу оорулар менен кайрылышат. Жукпаган оорулардын ичинен псориаз бар. Булар ракка өтүп кетпейт. Жогорудагы дарттар негизинен тукум кууйт. Балдар көбүнчө коллективде жүргөндүктөн жугуштуу оорулар менен көп ооруйт. Анын үстүнө гигиена да жакшы сакталбаса бат-бат эле жуга берет. Псориазга стресс таасир этиши мүмкүн, диетаны сактабагандык, кандайдыр бир вирустар да себеп болот. Бул дарт негизинен чоңдордун оорусу катары эсептелинип келген. Ал балдарда мурда көп кездешчү эмес, акыркы учурда кичинекейлерде да катталууда", — деди Омуралиева.

Ал тери оорулары үчүн да туура тамактануу маанилүү экенин кошумчалады.