Арменияда нааразылыкка чыккандар жолду жаап баштады. Видео

Митингчилер өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Арменияда нааразылыкка чыккандар премьер Никол Пашинянга каршы акциядан улам республикалык маанидеги автоунаа жолдорун жаап баштады. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Армениянын борбору Еревандагы "Республика" аянтына эл кечээ, 26-майда, нааразылык акциясына чогулуп, полиция кызматкерлери өкмөттүн имаратын курчоого алган.
Массалык митингдер Ереванда 9-майдан бери өтүүдө. Акцияга катышкандардын негизги талабы — премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасы, Азербайжан менен чек араны делимитациялоо процессин жана Бакуга чек арадагы аймактарды берүүнү токтотуу.
Апрелдин орто ченинде Армения менен Азербайжан чек араны тактоо иштерин баштап, аны төрт армениялык жана төрт азербайжандык айылдардан өткөрүүнү макулдашышкан. Мындай чечим СССР кыйраган учурдагы чек ара чийининен улам кабыл алынган. Буга ылайык, Ереван төрт айылды Бакунун юрисдикциясына өткөрүп берүүгө макул болгон.
Бул Арменияда, биринчи кезекте Тавуш облусунда массалык каршылык акцияларын шарттаган.
Путин менен Пашинян Армениядан россиялык аскерлерди чыгарууну макулдашты