28-майга карата аба ырайы

28-майга караган түнү өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Шейшембиде күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл жеринде +16…+21, Нарын өрөөнүндө +17…+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +23…+25, Ош шаарында +26…+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Майдын этегинде аба ырайы кандай болот? Бир жумага карата божомол