Кыймылсыз мүлктү каттоо, күрөөгө коюу үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынабы?

Sputnik
Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү милдеттүү камсыздандыруу системасын киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы коомдук талкууга чыгарды. Анда жарандарды милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатып алууга түрткү берүүчү кыйыр механизмдерди колдонуу зарылдыгы белгиленген. Кыймылсыз мүлктү каттоо, күрөөгө коюу үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынабы? Эгер мүлк күрөөгө алган тараптын күнөөсү менен бузулса кенемте төлөнбөйбү?
Ошондой эле сунушталган мыйзам долбоорундагы өзгөрүүлөр тууралуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу боюнча адиси Искендер Өмүркулов жооп берди.