Россия-Ислам дүйнөсү: Казань форуму 2024 — кандай чечимдер кабыл алынды?

Sputnik
17-20-майда Казань шаарында "Россия-Ислам дүйнөсү: Казань форуму — 2024" XV эл аралык экономикалык форуму өттү. Анда соода-инвестициялык, соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган бир катар маселер талкууланды. Бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көрүлүп жаткан чаралар айтылды. Аймактарды өнүктүрүү, эл аралык кызматташтык жана инновация, ислам каржылоосу, стандартташтыруу жана халал сертификаттоо боюнча эл аралык тажрыйба боюнча кандай сүйлөшүүлөр болгонун Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев айтып берди.