Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп дагы бир ирет Украинадагы жаңжалды токтоторун убадалады

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген. Жарышта азыркы президент менен өлкөнүн мурунку лидери Дональд Трамп башкы атаандаш болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп Вашингтондо өтүп жаткан Либертариан улуттук съездинде кайрадан шайланып кала турган болсо Россия менен Украинанын ортосундагы чырды токтотуп, "үчүнчү дүйнөлүк согушка" жол бербей турганын убадалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Президенттик шайлоодо жеңип Ак үйгө киргиче Россия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотом. Бирөөнүн чырына жүз миллиондогон долларыбызды короттурбай, миңдеген өмүрлөрдү сактап калам", — деген Трамп.

Саясатчы мындай жыйынтыкка кантип жетерин ачыктаган эмес. Мындан тышкары, ал "тынчтык менен стабилдүүлүк орнотуп", "Жо Байдендин үчүнчү дүйнөлүк согушту карай сапарын токтоторун" айтты.
"Үчүнчү дүйнөлүк согушту көздөй баратканыбызды билесиздер да", — деп суроо салган Трамп эгер мындай согуш башталып кете турган болсо масштабы жагынан өтө коркунучтуу болорун белгилеген.
Экс-президент кайра шайланып калса Россия — Украина чатагын 24 саат ичинде басарын буга чейин да айткан. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул мындай жөнөкөй чечим үчүн өтө татаал маселе экенин экенин айтып комментарий берген болчу.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген. Жарышта азыркы президент менен өлкөнүн мурунку лидери Дональд Трамп башкы атаандаш болууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Президент болуп калса Украинага бир тыйын бербейт. Орбан Трамп тууралуу айтты