Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 6 жаштагы бөбөктү издөө уланууда

Sputnik
БИШКЕК, 26-май – Sputnik. Түп районуна караштуу Михайловка дачасындагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыз изделип жатканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 18-майдан бери суудан эки кыз изделип жаткан. Алар Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна түшүп кетишкен. Кечээ сегиз жаштагы кыздын сөөгү табылган. Учурда алты жаштагы бөбөк изделүүдө.
Издөө иштерине бүгүн 15тей куткаруучу, 20га чукул жергиликтүү тургун чыкканы айтылды.
Нарын дарыясынын жээгинен алты жаштагы баланын сөөгү табылды