Министрлик кош бойлуулукту пландоонун маанилүүлүгүн эскертти

Адистердин айтымында, балалуу болгон соң эки-үч жыл тыныгуу зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май – Sputnik. Дени сак наристелүү болуу үчүн түгөйлөр кош бойлуулукту пландап, эрежелерди сакташы керек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги эскертти.
Адистердин айтымында, жубайлар балалуу болгон соң ортодо эки-үч жыл тыныгуу керек. Бул үчүн түгөйлөр бойго бүтүүдөн сактоочу каражаттарды колдонгону туура.
"Андан кийин жубайларга толугу менен медициналык кароодон өтүү сунушталат. Мындан тышкары, наристелүү болууну пландаган жубайлар зыяндуу адаттардан: тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ичүүдөн баш тартышы керек. Бойго бүткөнгө чейин, тагыраагы, алты ай мурун аял фолий кислотасын иче баштайт", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Мындан тышкары, спорттук көнүгүүлөр да кош бойлуулуктун жеңил өтүшүнө жардам берери белгиленген. Балалуу болууну пландаган түгөйлөрдүн рационунда балык, эт, тоок эти, буурчак, жашылча-жемиш болушу керек.
Кош бойлуулар кайсы кызматтарды акысыз ала алат? Министрлик тизмектеди