Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга келди. Видео

Жолугушуунун жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлары күтүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга келди.
Ташкенттин аэропортунан РФ лидерин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев өзү тосуп алган.
Маалыматта өлкө башчылары эки тараптуу мамиле жана региондогу курч турган маселелерди талкуулашары айтылды. Мындан тышкары, Путин менен Мирзиеев Россия жана Өзбекстандын региондор кеңешинин алгачкы жыйынына катышышат.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Путиндин мамлекеттик сапары 27-майда соңуна чыгат.
Путин: Россия-Кытай өнөктөштүгү элдин жашоо деңгээлин жакшыртат. Видео