Радио

Тиленова: паспорттун мөөнөтү өтүп кеткенге айып пул каралган эмес

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты документтештирүү башкармалыгынын башчысы Анара Тиленова кайсыл өлкөнүн жашоочулары өз жарандыгынан баш тартпай туруп Кыргызстандын жарандыгын алса болорун санап берди.
Sputnik
Кыргызстан менен чектешпеген, үчүнчү мамлекеттин жашоочулары эгер кааласа биздин жарандыкты да алса болот. Ал үчүн өз өлкөсүнөн баш тартуунун кереги жок. Бул тууралуу Анара Тилегенова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай жеңилдиктер Кыргызстанда төрөлүп, бирок кийин башка мамлекеттин жарандыгын алып чыгып кеткен кыргыздарга колдоо катары киргизилген.

"Үчүнчү өлкөлөрдүн тургундары эгер каалоосу болсо башка жарандык катары Кыргызстандыкын ала алат. Ал үчүн өз жарандыгынан баш тартуу талап кылынбайт. Мындан сырткары, "туруктуу жашоого уруксат" деген статус бар. Муну да жарандык алгысы келбеген, бирок Кыргызстанда узак мөөнөттө жашап же тыгыз байланышта боло турган адамдар беш жыл республиканын аймагында жашаган соң ала алышат. Былтыртан баштап "мекен-карта" деген дагы бир статус берилип жатат. Ал дагы жарандык сыяктуу эле адамдарга бир топ мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул кадамдардын баары биринчи кезекте Кыргызстанда төрөлүп-өсүп, бирок үчүнчү мамлекеттерге чыгып кеткен мекендештерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында киргизилген. Ушундай башка жарандыгы барлар же негизи эле кыргызстандыктар паспортун алмаштырууда мөөнөтү өтүп кеткен болсо айып пул салынбайт. Жөн гана көрсөтүлгөн, эл төлөгөн сумманы төлөп документин жаңылап ала алышат", — деди Тиленова.

Ал суроолор болсо калкты тейлөө борборлорунун 119 бирдиктүү номерине чалса болорун кошумчалады.