Бишкектеги "Мурас" турниринде "Ден соолук" командасы 1-орунду алды

Мыкты дарбазачы, мыкты чабуулчу жана мыкты оюнчуга жекече сыйлыктар тапшырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекте футбол боюнча "Мурас" достук мелдеши жыйынтыкталып, 1-орунду "Ден соолук" командасы алганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бишкекте футбол боюнча "Мурас" достук мелдеши жыйынтыкталып, 1-орунду "Ден соолук" командасы алганын президенттин маалымат кызматы кабарлады

2 / 4

Билдирмеге караганда, 2-орунду "Коопсуздук" командасы ээлеп, 300 миң сом байге алды

3 / 4

3-орунду "Спорт чеберлери" алып, 200 миң сомго ээ болушкан

4 / 4

Ал эми президенттин командасы төртүнчү болуп, 100 миң сомдук сертификат менен сыйланган. Белгилей кетсек, беттешке өлкө башчы да катышкан.

Билдирмеге караганда, 2-орунду "Коопсуздук" командасы ээлеп, 300 миң сомго, 3-орунду "Спорт чеберлери" алып, 200 миң сомго ээ болушкан. Ал эми президенттин командасы төртүнчү болуп, 100 миң сомдук сертификат менен сыйланган. Белгилей кетсек, беттешке өлкө башчы да катышкан.
Мындан тышкары, мыкты дарбазачы, мыкты чабуулчу жана мыкты оюнчуга жекече сыйлыктар тапшырылганы кошумчаланды.
Өлкө башчы Садыр Жапаров ата-энелерди балдарын спорт менен алектенүүгө үндөөгө чакырып, илим менен дене тарбияны айкалыштыруу керектигин белгиледи. Ошондой эле эми футбол, волейбол жана баскетбол менен мектеп окуучулары гана эмес, чоңдор, аксакалдар дагы активдүү алектенерин кошумчалаган.
Оюнга жалпысынан 16 команда катышып, байге фондуна 1 миллион сом коюлган.
Камчыбек Ташиевдин уулу футбол курама командасынын кеңейтилген курамына кирди