Майдын этегинде аба ырайы кандай болот? Бир жумага карата божомол

Жуманын башында күн ачык болот, калган күндөрү өткүн өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май – Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.
Билдирүүгө ылайык, жуманын башында күн ачык болуп, калган күндөрү өткүн өтүп турат.
Бишкекте 26-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 27-28-майда жаан-чачын болбойт. 29-30-майда күндүз өткүн өтсө, 31-майда жана 1-июнда асман ачык болот.

Чүй, Талас

26-май жаан-чачындуу болуп, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Эртеси, 27-майда, күн ачык болот. Анткен менен 28-майда кайра жаан жаап, 29-майдан 1-июнга чейин өткүн өтөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Аймактарда 26-майда күндүз дагы, түнү дагы жаан-чачын, кар жаайт. 27-майда асман ачык болсо, 28-майда күндүз күндүн көзү бузулат. 29-майдан 1-июнга чейин күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтөрү айтылды.

Нарын, Ысык-Көл

26-майда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-майда күндүз жаан-чачын болбойт. 28-майда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми 29-майдан 1-июнга чейин өткүн өтөрү божомолдонду.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 27-майда түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
39 градуска жетет! Июнь айына карата аба ырайы