Радио

Кыргызстанда дыйкандардын бирдиктүү реестри иштелип чыгат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Асел Кененбаева дыйкандар, фермерлер санариптик көндүмдөргө окутуларын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда дыйкандардын бирдиктүү реестри иштелип чыгып, кызматташуу күчөтүлүп, тиешелүү жардамдар көрсөтүлөт. Бул тууралуу Асел Кененбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, санариптештирүүнүн алкагында кырдаалдык борбор түзүлүп, аналитикалык платформа иштеп чыгуу мерчемделүүдө.
"Кыргызстанда дыйкандардын бирдиктүү реестри иштелип чыгып, алар менен кызматташуу күчөтүлүп, тиешелүү жардамдар көрсөтүлөт. Бардык керектүү инструменттер берилип турат. Мындан тышкары, санариптештирүүнүн алкагында кырдаалдык борбор түзүлүп, аналитикалык платформа иштеп чыгуу мерчемделүүдө. Ал үчүн дыйкандар, фермерлер санариптик көндүмдөргө окутулуп, айыл чарба адистеринин, кызматкерлердин санариптик сабаттуулугун жакшыртууга арналган иштер жасалат. Буларды ишке ашырууда сөзсүз маалыматтык коопсуздук эске алынып, колдонуучулар үчүн ыңгайлуулук эске алынат", — деди Кененбаева.
Ошондой эле адис министрликтин веб-сайты бардык талаптарга жооп бере тургандай жаңыртылып, жалпы кызматтар бир платформада берилерин кошумчалады.