Бишкектин түштүк тарабында 2,8 чакырымдык веложол курулат

Sputnik
БИШКЕК, 26-май – Sputnik. Бишкектин түштүк тарабында 2,8 чакырымдык веложол курула турганын мэриядан кабарлашты.
"Бишкек башкы архитектура" ишканасынын адистери Садырбаев көчөсүнүн батыш тарабындагы Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуар жана веложол куруу үчүн схема түзүп чыгышкан.
"Бишкек башкы архитектура" ишканасынын адистери Садырбаев көчөсүнүн батыш тарабындагы Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуар жана веложол куруу үчүн схема түзүп чыгышкан.
Веложолдун узундугу 2,8 чакырымды, тротуардын туурасы 3 метрди, ал эми веложолдун туурасы 2,4 метрди түзөрү айтылды.
Былтыр Садырбаев көчөсүнүн чыгыш тарабындагы Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2,8 чакырым тротуар жана веложолдун курулушу бүткөрүлгөнү кошумчаланды.
Бишкектеги "Асанбай" паркынын ордуна заманбап оюн-зоок паркы салынат. Эскиз