Байден кайрадан Путиндин кадырына шек келтирди. Россиянын жообу

Путин Россия үчүн АКШ бийлигинде Трампка караганда Байдендин калышы ыңгайлуу болорун, анткени ал "тажрыйбалуураак" жана "болжолдоого мүмкүн адам" экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Вест-Пойнтто Аскер академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сүйлөп жатып кайрадан РФ лидери Владимир Путиндин кадырына шек келтирген билдирүү жасады. Түз эфирди Ак үйдүн расмий каналы жүргүзгөнүн РИА Новости жазып чыкты.
"Биз Украинаны колдоп жатабыз, аныбызды улантып, мен көп жылдан бери билген катаал тиранга каршылык көрсөтөбүз. Артка кайтпайбыз, ага жол да жок", — деген Байден.
Анткен менен АКШ президенти Украинага аскер жөнөтпөй турганын белгиледи.
Ал эми Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов АКШ президентинин сөзүн жол берилгис деп атап, бул жалпы Россия элине каршы багытталарын айтты.
“Биз улуттук кызыкчылыкка негизделген көз карандысыз жана суверендүү саясат жүргүзүүбүздү уланта беребиз. Муну жергиликтүү бийлик башындагылар кабыл алгыдай болушту. Владимир Путиндин дарегине катуу сөз айткан Жо Байден жалпы Россия элин кемсинтип жатат”, — деди Антонов.
Ал мындай нерсе жоопкерчиликти сезген саясатчынын, өзгөчө өлкө лидеринин жүрүм-турумуна таптакыр коошпой турганын белгилеген.

“Оройлук жана биздин президентибиздин аркасы менен упай топтоо Вашингтондун Россияга, америкалыктар өздөрү айткандай, “эрежеге негизделген дүйнө тартибине” чакырык таштаганы үчүн жинденип турганын көрсөтүүдө”, — деди дипломат.

Бул Байдендин Россия президенти тууралуу терс маанайдагы биринчи сөзү эмес. 2021-жылдын мартында Путинди "киши өлтүргүч" деп дипломатиялык жаңжалды шарттаган. Путин кесиптешине ден соолук каалап, "башка адамдарга баа берүү өзүн күзгүдөн көрүүгө тете" деп жооп берген болчу.
Атайын аскердик операция башталгандан бери америкалык президенттин россиялык лидерди "диктатор", "аскер кылмышкери" деп атап, "бийликте кала албайт" дегени бар.
Үстүбүздөгү жылдын февралында Путин Россия үчүн АКШ бийлигинде Трампка караганда Байдендин калышы ыңгайлуу болорун, анткени ал "тажрыйбалуураак" жана "болжолдоого мүмкүн адам" экенин белгилеген.
Путин: Москва америкалыктар тандаган президент менен иштешүүгө даяр