Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эми менин кезегим... Атайын операцияга катышып жаткан Санакчи

Жоокер жакында эле Россиянын жарандыгын алган.
Sputnik
Украинада өтүп жаткан атайын аскердик операцияга ыктыярчы болуп катышып жаткан Санакчи каймана аттуу жоокер ушу тапта чоң атасынын жолун улантып жатканын айтып берген.
Ал "Ахмат" батальонун пилотсуз учуучу аппарат менен камсыздоо иштерин аткарып келет. Санакчи Казакстанда туулган.
"Биринчи иретте бул ата-бабалардын элеси. Чоң атам 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Бир нече жаракат алып, Казакстанга кайтып келген. Мен да анын жолун жолдогум келди", — деген ал.
Санакчи атайын операция учурунда ар кыл багыттарда кармашкан. Анын ичинде Артемовск кармаштарына да катышкан. Атайын операция аймагындагы кызматы үчүн бир нече сыйлыкка ээ болгон.
Жоокер жакында эле Россиянын жарандыгын алганы айтылды.