КМШнын атайын кызмат жетекчилери Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты. Сүрөт

Конокторго жазуучунун уулу Элдар Айтматов экскурсия жасап, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жазылган китептерди белекке тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май – Sputnik. Бишкекте 54-отурумга чогулган КМШга мүчө мамлекеттердин атайын кызмат жетекчилери жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Бишкекте 54-отурумга чогулган КМШга мүчө мамлекеттердин атайын кызмат жетекчилери жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты

2 / 2

Билдирмеге караганда, конокторго жазуучунун уулу Элдар Айтматов экскурсия жасап, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жазылган китептерди белекке тапшырган

Билдирмеге караганда, конокторго жазуучунун уулу Элдар Айтматов экскурсия жасап, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жазылган китептерди белекке тапшырган.
"Айтматов музейинин бай экспозициясы конокторду өзүнүн мазмуну жана көп түрдүүлүгү менен кызыктырды, анткени музейде жазуучунун адабий мурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрү коюлган", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 54-отуруму өтүп, борбор калаага жети өлкөнүн, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин жана Антитеррордук борборунун өкүлдөрү келишкен.
КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны
Бишкекте КМШнын атайын кызматтарынын башчыларынын жыйыны өттү. Видео