Еревандын борбордук аянтында эл нааразылык акциясына чогулууда. Видео

Армениялыктар Азербайжан менен чек аранын бир тараптуу делимитацияланышына нааразы.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Армениянын борбору Еревандагы "Республика" аянтына эл нааразылык акциясына чогулууда, полиция кызматкерлери өкмөттүн имаратын курчап турат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарчысына таянуу менен билдирди.
Тартип сакчылары аянтка кире турган жердин баарында турат. Бул жерге кыймылдын лидери Армян апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, архиепископ Баграт Галстаняндын да келе жатканы айтылды.
Массалык митингдер Ереванда 9-майдан бери өтүүдө. Акцияга катышкандардын негизги талабы — премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасы, Азербайжан менен чек араны делимитациялоо процессин жана Бакуга чек арадагы аймактарды берүүнү токтотуу.
Апрелдин орто ченинде Армения менен Азербайжан чек араны тактоо иштерин баштап, аны төрт армениялык жана төрт азербайжандык айылдардан өткөрүүнү макулдашышкан. Мындай чечим СССР кыйраган учурдагы чек ара чийининен улам кабыл алынган. Буга ылайык, Ереван төрт айылды Бакунун юрисдикциясына өткөрүп берүүгө макул болгон.
Бул Арменияда, биринчи кезекте Тавуш облусунда массалык каршылык акцияларын шарттаган.
Путин менен Пашинян Армениядан россиялык аскерлерди чыгарууну макулдашты