РФ ТИМи: "Арктика бешилтигинин" байланышы үзүлдү

Дипломат мындай шарттын түзүлүшүнө Россиянын тиешеси жок экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Арктикага байланыштуу маселелер талкууланып, чечимдер кабыл алынган "Арктика бешилтиги" (Россия, Дания, Канада, Норвегия, АКШ) карым-катнашын токтотту. Бул тууралуу РФ ТИМинин укук департаментинин директору Максим Мусихин айтканын РИА Новости жазды.

"Буга чейин "Арктика бешилтиги" континенталдык шельфке тийиштүү көйгөйлөрдү чогуу талкуулап, муну менен маселени курчутпай бири-бирин жасай турган аракеттери тууралуу маалымдар кылып турчу", — деди ал.

Мусихиндин айтымында, эми бул механизм жок болуп, Арктика тематикасы боюнча байланыштардын баары токтоду. Дипломат мындай шарттын түзүлүшүнө Россиянын тиешеси жок экенин белгилеп, "бул биздин көйгөй эмес" деди. Ал жагдайды "иш жүзүндө АКШ менен бешилтиктин Батыштагы өкүлдөрү олуттуу маселелерди сүйлөшүп чечүү мүмкүнчүлүгүнөн өз ыктыярлары менен баш тартты" деп түшүндүргөн.
Москва менен Батыштын Арктикадагы тиреши өткөн кылымда башталган. Видео