Жалал-Абаддын Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттон сел суулары үйлөргө чейин кире баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май – Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 25-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттон сел суулары Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айылдарына агып кирип, үйлөргө чейин кире баштаган.
"Жерине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов, Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуунун башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган ыкчам топ барып, штаб түзүлүп, Аксы акиминин буйругунун негизинде өзгөчө кырдаал режими киргизилди", — деп жазылат кабарда.
Кара-Суу дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн дарыяга жакын жайгашкан 64 үйдүн 250дөй жашоочусу туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлгөн болчу.
ӨКМ селдин жүргөн себептерин санап берди