Аксыда сел коркунучу жаралып, 250 адам коопсуз жайга эвакуацияланды

Кара-Жыгач — Кызыл-Көл унаа жолунун 6-чакырымында сел жүрүп, каттам жабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май – Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел кооптуулугу жаралгандыктан 250дөй киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел кооптуулугу жаралгандыктан 250дөй киши коопсуз жайга көчүрүлдү

2 / 2

Билдирмеге караганда, кечээ аталган аймакка жамгыр катуу жаап, мындан улам Кезарт айылында Кара-Жыгач – Кызыл-Көл унаа жолунун 6-чакырымында сел жүргөн. Суу көпүрөдөн ашып, жол каттамы да жабылган.

Билдирмеге караганда, кечээ аталган аймакка жамгыр катуу жаап, мындан улам Кезарт айылында Кара-Жыгач – Кызыл-Көл унаа жолунун 6-чакырымында сел жүргөн. Суу көпүрөдөн ашып, жол каттамы да жабылган.

"Ошондой эле Кара-Суу дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү кооптуулугу жаралгандыктан дарыяга жакын жайгашкан 64 үйдүн 250дөй жашоочусу туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлдү", — деп жазылат кабарда.

Жеринде абалды координациялоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМ башчысынын орун басары, жергиликтүү бийлик башчылары жана ӨКМ кызматкерлери тартылган. Учурда алар атайын техника менен селдин кесепетин жоюу иштерин жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
ӨКМ селдин жүргөн себептерин санап берди