27-майга карата аба ырайы

27-майда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Талас жеринде +17…+22, Ысык-Көл аймагында +14…+19, Нарын өрөөнүндө +15…+20 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +23…+25, Ош шаарында +26…+28 градуска чейин көтөрүлөт.
39 градуска жетет! Июнь айына карата аба ырайы