Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел кооптулугу жаралгандыктан, 250дөй киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, кечээ аталган аймакка жамгыр катуу жаап, мындан улам Кезарт айылында Кара-Жыгач – Кызыл-Көл унаа жолунун 6-чакырымында сел жүргөн. Суу көпүрөдөн ашып, жол каттам да жабылган."Ошондой эле Кара-Суу дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү кооптуулугу жаралгандыктан, дарыяга жакын жайгашкан 64 үйдүн 250дөй жашоочусу туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлдү", — деп жазылат кабарда. Жеринде абалды координациялоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМ башчысынын орун басары, жергиликтүү бийлик башчылары жана ӨКМ кызматкерлери тартылган. Учурда алар атайын техника менен селдин кесепетин жоюу иштерин жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
Дени сак наристелүү болуу үчүн түгөйлөр кош бойлуулукту пландап, эрежелерди сакташы керек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги эскертти.Адистердин айтымында, жубайлар балалуу болгон соң ортодо эки-үч жыл тыныгуу керек. Бул үчүн түгөйлөр бойго бүтүүдөн сактоочу каражаттарды колдонгону туура."Андан кийин жубайларга толугу менен медициналык кароодон өтүү сунушталат. Мындан тышкары, наристелүү болууну пландаган жубайлар зыяндуу адаттардан: тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ичүүдөн баш тартышы керек. Бойго бүткөнгө чейин, тагыраагы, алты ай мурун аял фолий кислотасын иче баштайт", — деп айтылат министрликтин маалыматында. Мындан тышкары, спорттук көнүгүүлөр да кош бойлуулуктун жеңил өтүшүнө жардам берери белгиленген. Балалуу болууну пландаган түгөйлөрдүн рационунда балык, эт, тоок эти, буурчак, жашылча-жемиш болушу керек.
Бишкекте үч күн ичинде санитардык-экологиялык нормаларды бузган 181 учур аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, 20-майдан 23-майга чейин эреже бузгандарга салынган айыптын суммасы 1 477 000 сомду түзгөн. Шаардык администрация тургундар көбүнчө санитардык эрежелерди сактабай жатышканын белгилейт.Экологиялык нормалар бузулган үч учур катталып, аларга 22 500 сом айып салынган. Мында жашоочулар таштанды калдыктарын өрттөп жиберишкени үчүн айыпка жыгылышкан. Мэрия шаар тургундарынан жана чарба субъектилеринен таштандыларды, тиричилик калдыктарын контейнерлерге салууну, тазалыкты сактоону өтүнөт.
Бишкектин түштүк тарабында 2,8 чакырымдык веложол курула турганын мэриядан кабарлашты."Бишкек башкы архитектура" ишканасынын адистери Садырбаев көчөсүнүн батыш тарабындагы Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуар жана веложол куруу үчүн схема түзүп чыгышкан.Веложолдун узундугу 2,8 чакырымды, тротуардын туурасы 3 метрди, ал эми веложолдун туурасы 2,4 метрди түзөрү айтылды.Былтыр Садырбаев көчөсүнүн чыгыш тарабындагы Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2,8 чакырым тротуар жана веложолдун курулушу бүткөрүлгөнү кошумчаланды.