Жыргалаң суусунан изделип жаткан эки кыздын биринин сөөгү табылды

Кыздарды 18-майдан бери издеп жатышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Түп районуна караштуу Михайловка дачасындагы Жыргалаң суусунан 8 жаштагы кыздын сөөгү табылды.
ӨКМ маалымдагандай, аны жергиликтүү жашоочулар табышкан.
Эске салсак, 18-майдан бери аталган суудан эки кыз изделип жаткан. Алар Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна түшүп кетишкен. Кыздардын бири алты жашта.
Учурда куткаруучулар экинчи кызды издеп жатышат. ӨКМдин 11 куткаруучусу, төрт суучул жергиликтүү тургундар менен биргеликте иш алып барууда.
Нарын дарыясынын жээгинен алты жаштагы баланын сөөгү табылды