Садыр Жапаров Чолпон-Атада "Ибн Сина" балдар борборун ачты. Кимдер дарыланат

Борбор 100 орунга ылайыкталып, ичинде мектеп дагы уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында "Ибн Сина" аттуу балдардын республикалык реабилитациялык борборун ачты.
Өлкө башчы бул медициналык мекеме 1937-жылдан бери өпкөнүн бронх оорулары жана кургак учуктун жеңил түрү менен жабыркаган балдар үчүн санатория катары иштеп келгенин айтты. Республикалык балдар санаториясы 2005-жылдан тарта "Ибн Сина" атындагы балдардын республикалык реабилитациялык борбору болуп кайра түзүлгөн. Мекемеде жалпы 57 адам эмгектенет.
1 / 7

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында "Ибн Сина" аттуу балдардын республикалык реабилитациялык борборун ачты.

2 / 7

Өлкө башчы бул медициналык мекеме 1937-жылдан бери өпкөнүн бронх оорулары жана кургак учуктун жеңил түрү менен жабыркаган балдар үчүн санатория катары иштеп келгенин айтты.

3 / 7

Республикалык балдар санаториясы 2005-жылдан тарта "Ибн Сина" атындагы балдардын республикалык реабилитациялык борбору болуп кайра түзүлгөн. Мекемеде жалпы 57 адам эмгектенет.

4 / 7

Борбордо балдардын окуусун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн орто билим берүүчү мектеп дагы иштейт.

5 / 7

Президент "Ибн Сина" борборунун жаңы имаратынын ачылышы өтө маанилүү экенине токтолуп, эмгек жамаатына балдардын сакайып кетишине талбай кылган кызматы үчүн ыраазычылык билдирген.

6 / 7

Мекемени түзүүгө президенттик фонддон каражат бөлүнгөн.

7 / 7

Чолпон-Ата шаарында "Ибн Сина" аттуу балдардын республикалык реабилитациялык борбору

"Борбор 100 орунга ылайыкташып, 4 жаштан 16 жашка чейинки балдарды кабыл алып жыл бою иштейт. Бул жерде кургак учуктун жугуштуу эмес формасы жана өнөкөт өпкө оорусу менен жабыркаган балдар дарыланып, реабилитациядан өтүшөт", — деп жазылган маалыматта.
Борбордо балдардын окуусун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн орто билим берүүчү мектеп дагы иштейт.
Жапаров статистикалык маалыматтар боюнча акыркы 10 жылдын ичинде кургак учукка чалдыккандардын саны стабилдүү түрдө азайганын айткан. 2023-жылы кургак учуктун 4 183 жаңы учуру катталган болсо, бул 2022-жылга салыштырмалуу 385 учурга аз болуп эсептелет. Айрыкча балдар арасында аталган дартка кабылгандардын саны төмөндөгөн.
Президент "Ибн Сина" борборунун жаңы имаратынын ачылышы өтө маанилүү экенине токтолуп, эмгек жамаатына балдардын сакайып кетишине талбай кылган кызматы үчүн ыраазычылык билдирген.
Мекемени түзүүгө президенттик фонддон каражат бөлүнгөн.
Садыр Жапаров мектеп бүтүрүүчүлөрүн акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктады