БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусуна бир күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы кабарлады.
Жапаров адегенде "Акылман" президенттик лицейиндеги окуу жылынын аяктаганына байланыштуу салтанатка катышат. Анда лицейдин окуучуларын куттуктап, билим берүү мекемесинин камкорчулар кеңешинин биринчи жыйынын өткөрөт. Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунун ачылыш аземинде, "Алтын балалык" реабилитациялык борборунда болот.
"Сапардын алкагында "Аврора" санаториясынын аймагындагы коттедждер шаарчасынын курулушу менен таанышып, андан кийин Балыкчы шаарындагы этти кайра иштетүүчү заводдун ачылыш аземине катышат", — деп айтылат маалыматта.