Таластагы окуя. Акыйкатчы пробациялык көзөмөлдү карап чыгууну талап кылды

Таласта аялды эки баласы менен өлтүрүүгө шектүү буга чейин соттолгону, бир жыл мурун пробациялык көзөмөлгө алынып чыкканы белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Таласта жаш келиндин жана анын кичинекей балдарынын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Омбудсмендин маалымат кызматы кабарлады.
Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдардын жана аялдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул чараларды көрүүгө чакырган. Ошондой эле акыйкатчы тез аранын ичинде сот органдарынан жана Юстиция министрлигинен пробациялык көзөмөлдү колдонуу маселесине көңүл бурууну талап кылган.

“Кылмышкер шарттуу түрдө абактан бошотулгандан кийин өч алуу максатында зордук-зомбулукка кабылгандарга келип, катаал кылмыштарды жасаган биринчи жолку көрүнүш эмес”, — деген Жаманбаева.

Ал маморгандар зомбулуктун курмандыктарын пробацияга алынган кылмышкерлерден коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиш экенин, оор кылмыштар үчүн соттолгон кылмышкерлерге пробациялык көзөмөлдү колдонуу практикасы кылдат изилдөөнү жана кайра текшерүүнү талап кыларын белгилеген.
23-майга караган түнү милиция Таластын Ак-Башат айылындагы үйдөн 26 жаштагы келиндин, төрт жаштагы кызынын жана 2,5 жаштагы уулунун сөөгүн тапкан. Шектүү катары ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну издөөгө алынып, кийин кармоо учурунда өлтүрүлгөн. ИИМдин маалыматына ылайык, шектүү К.Н. — келиндин кайнагасы, ал К.М. аттуу инисинен мурдатан өч алууну эңсеп жүргөн. 2018-жылы мүлк талашып чырдашканда инисин бычактап өлтүрүүгө аракет кылып соттолуп кеткен. Сот аны 8 жылга эркинен ажыратып, бирок 2023-жылдын мартында пробацияга чыгарган.
Кулак-мурду кесилген Асел Кыргызстандан кетүү ниетин билдирди