Таласта "Музыканын тилинде" аталышындагы маданий эл аралык долбоор өтөт

Иш-чара Александр Пушкиндин 225 жана Талас шаарынын 80 жылдыгына карата уюштурулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Талас шаарындагы облустук музыкалык драма театрында "Музыканын тилинде" аталышындагы маданий эл аралык кече өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") маалымдады.
Билдирмеге ылайык, иш-чара орус акыны Александр Пушкиндин 225 жылдыгына жана Талас шаарынын 80 жылдыгына карата уюштурулууда. Маданий кече саат 18:30да башталат.
Бул күнү сахнада Россиянын музыкалык үч тобу өнөрүн тартуулайт. Долбоор Талас шаардык мэриясынын колдоосунда Россиянын маданият министри жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен уюштурулары айтылды.
Бишкекте Пушкинге арналган иш-чара өттү. Сүрөт