Радио

Чүйдөгү суу объектилеринин 20сына гана түшүүгө болот

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу иштер бөлүмүнүн улук офицери, капитан Адылбек Муратбек уулу сууда жүрүүнүн коопсуздук эрежелери жөнүндө айтып берди.
Sputnik
Көл, дарыя, чакан көлмө, каналдардагы кырсыктардын негизги себеби уруксат берилбеген жерлерде жана мас абалында сууга түшүү болуп саналат. Бул тууралуу Адылбек Муратбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда ӨКМдин суучулдар кызматы бассейн, көлмөлөрдүн ээлерине куткаруучуларын кайрадан даярдыктан өткөрүү боюнча кайрылуу жөнөтүүдө.
"Жайкы туристтик мезгилге кызуу даярдыктар май айында башталган. Чүй облусунун аймагында 399 суу объекти (ЧЧК, бассейндер, дарыя, көлмө, БДР ж.б) болсо, анын 20сына түшүүгө уруксат берилет. Бул жерлерге маалымат такталары илинген жана куткаруучулар иштейт. Азыр билим берүү мекемелеринде сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүрүүдө. 2023-жылы республика боюнча 103 адам сууга чөгүп кеткен. Үстүбүздөгү жылы Чүйдө төрт адам (бир чоӊ киши, үч өспүрүм) муздун астындагы сууга түшүп кетип каза болду. Ата-энелер балдарын көзөмөлгө алып, чоңдордун көзөмөлүсүз дарыя, көл, суу сактагычтарга жөнөтпөөгө, башкалардын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабоого чакырам. Чөгүп бара жаткан адамды артынан келип гана куткарып калууга болот. Себеби алдынан келгенде дүрбөлөӊгө түшкөн адам куткарып жаткан адамды да чөктүрүп жибериши ыктымал", — деди Муратбек уулу.
Адис адамдарды сууга өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө карап түшүп, сүзө албаса кооптуу жерге барбай эле коюуга чакырды.