Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жардамы менен Ошто жоон түтүктөр чыгарыла баштады

Кыргызстанда буга чейин мындай товар чыгарылбагандыктан башка өлкөлөрдөн алууга туура келген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Ош шаарында жоон суу түтүктөрү чыгарыла баштады.
Фонддун маалыматы боюнча, Кыргызстанда буга чейин мындай товар чыгарылбагандыктан башка өлкөлөрдөн алууга туура келген.
Учурда Ош шаарындагы ишкана диаметри 1,2 метрге чейинки түтүктөрдү чыгара баштады. Аны турмуш-тиричиликке гана эмес, ГЭСтердин курулушуна да пайдаланса болот.
"Бул ишкана чыгарган товарлар эми импортту толугу менен жаба алат. Өлкө башчысы аймактарды өнүктүрүү тапшырмасын койгон. Ушундай ири долбоорлор тапшырманы ишке ашырууга өбөлгө болот. Заводдун ачылышы өлкөдөгү курулуш тармагынын өнүгүшүнө салым кошот", — деген фонддун Кыргызстандагы башкармалыгынын жетекчиси Артем Новиков.
Учурда РКӨФтүн жардамы менен курулуш каражаттарын өндүрүү боюнча 250 долбоор иш алып барууда.
РКӨФ коммерциялык маалымат борборун курууга 1 млн. доллар бөлөт