Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль Россия мобилизация жүргүзөт деген маалыматка жооп берди

Financial Times басылмасына ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында Россияга кайрадан мобилизация жүргүзүүгө туура келет деген маалымат жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май. – Sputnik. Россияда мобилизация жүргүзүүгө муктаждык жок экенин өлкө башчысы айтып эле келе жатат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге билдирди.
Песков бул билдирүүсү менен Financial Times басылмасына "ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында Россияга кайрадан мобилизация жарыялоого туура келет" деп чыккан маалыматка жооп берген.
"Financial Times чыныгы абалды түшүнө алышында шек бар. Өзүңүздөр билгендей, бизде келишимдик негизде аскерлерди алуу активдүү жүрүүдө, бул күн сайын болуп жаткан иш. Президент да буга чейин аскер кызматкерлеринин билдирүүсүнө таянуу менен мобилизациялоого муктаждык жок экенин бир нече жолу айткан", — деген Песков.
Россия 2022-жылдын 21-сентябрында жарым-жартылай мобилизациялоо жарыялаган. Ошол кездеги коргоо министри Сергей Шойгу бул аракет миң чакырым аралыктагы чек ара аймагын жана Украинадагы бошотулган аймактарды көзөмөлдөө үчүн керек болгонун айткан. Аскерге негизинен кызмат өтөп кеткен, аскердик тажрыйбасы бар 300 миң адам чакырылган.
Андан кийин Россия бийлиги келишимдик негизде аскерге алууга өттү. Февралдын аягында Шойгу жыл башынан бери келишимдик негизде аскерге келгендердин саны 50 миңден ашканын айткан. Ал эми өткөн жылда келишимдик негизде келгендердин саны дээрлик 540 миң болуп, андан резервдик эки армия жана алты дивизия түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралган.
Россия: Түштүк аскер округунда башталган машыгуу. Видео