Кыргызстанга рублдин, доллардын, евронун агымы көбөйдү

Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Биринчи кварталда Кыргызстанга эл аралык акча которуу системалары аркылуу каражат рубль, доллар, евро жана теңге менен жөнөтүлгөн. Алгачкы үч валюта боюнча кирешелердин өсүшү байкалганын Улуттук банк билдирди.
Январь-март айларында жалпы көлөмү 42,6 миллиард сомду түзгөн 1,5 миллиондон ашык транзакция ишке ашырылган.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу транзакциянын саны 7 пайызга азайган, бирок которуулардын көлөмү 7 пайызга өскөн.
Валюта менен которулган каражат:
118,4 миллион доллар ( 26,6 пайызга өсүш);
7,5 миллион евро ( 31,6 пайызга өсүш);
32 миллиард 364,5 миллион рубль (19,4 пайыз өсүш);
148,1 миллион теңге (33,4 пайыз төмөндөө).
Кыргызстанга 3 айдын ичинде дээрлик 690 миллион доллар которулган