"Кыргыз почтасы" дүйнөлүк рейтингде үч жылда 69 баскычка көтөрүлдү

Ишкананын базасында санариптик автоматташтырылган системалар киргизилгени кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. "Кыргыз почтасы" дүйнөлүк рейтингде үч жылдын ичинде 98-орундан 29-орунга чыккан. Бул тууралуу аталган ишканадан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, "Кыргыз почтасы" 2020-жылы дүйнөлүк почта союзуна мүчө өлкөлөрдүн рейтингинде 98-орунда болгон.
"Ишкана 2021-жылы 65-орунга, 2022-жылы 60-орунга көтөрүлгөн. Ал эми былтыр 29-сапка чыккан", — деп айтылат маалыматта.
Мындай натыйжа мекеменин инфраструктурасын, тейлөөнү жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруудан улам болгону белгиленди.
"Трансчекаралык электрондук сооданы өнүктүрүү жана эл аралык жүк алмашууну тездетүү үчүн Кыргызстан жана Кытайдын почта кызматтарынын транспорт каражаттары үчүн "жашыл коридор" түзүлгөн. Эл аралык почта жөнөтмөлөрүн тез жана натыйжалуу жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн Германия, Австрия, Эстония, Латвияда эл аралык алмашуу жайынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү ачылды", — деп билдирди мекеме.
Ошондой эле электрондук коммерция өнүгүп жаткандыктан ишкананын базасында санариптик автоматташтырылган системалар киргизилгени кошумчаланды.
Товарларды бажы төлөмү жок ташып келүү босогосу өзгөрдү. Баа кандай болот?