Бишкекте "Мурас" футболдук турнири башталды. Сүрөт

Турнирде 16 команда күч сынашат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Бишкек шаарында "Мурас" достук турнири башталганын Жогорку Кеңеш маалымдады.
1 / 3
Торага ЖК Нурланбек Шакиев выступил на открытии футбольного турнира "Мурас" в Бишкеке
2 / 3
В Бишкеке стартовал товарищеский турнир по футболу "Мурас", инициированный президентом Садыром Жапаровым. 25 мая, 2024 года
3 / 3
В Бишкеке стартовал товарищеский турнир по футболу "Мурас", инициированный президентом Садыром Жапаровым. 25 мая, 2024 года
Аталган мелдеш мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, алтынчы жолу өткөрүлүп жатат.
"Спорт – бул достуктун жана биримдиктин жарчысы. Андыктан бул спорттук иш-чарадагы негизги максат жеңишке эле жетүү эмес, ынтымакты даңазалоо жана сергек жашоо образын жайылтуу", — деген Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев.
Эскерте кетсек, турнирде 16 команда күч сынашат. Алардын катарында Садыр Жапаров баштаган "Президент", Нурланбек Шакиев баштаган "Жогорку Кеңеш" командалары, агартуучулардан, дарыгерлерден, коопсуздук кызматкерлеринен, дипломаттардан, жергиликтүү жетекчилерден, журналисттерден, ишкерлерден, өнөрпоздордон, спортчулардан, дин ишмерлеринен жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн турган командалар да бар.
Камчыбек Ташиевдин уулу футбол курама командасынын кеңейтилген курамына кирди