УКМК: Ташиевдин туугандарынын таанышымын деп алдап 1,5 млн. сом алган киши кармалды

Алдамчылыкка шектүү кылмыш ишти токтотуп берем деп акча талап кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Камчыбек Ташиевдин жакын туугандарынын таанышымын деп алдап 1,5 миллион сом алууга шектелген киши кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Билдирмеге ылайык, атайын кызмат буга чейин "Унаа" мекемесинин кызматкерин кармаган. Ташиевдин туугандарынын таанышымын деген З.у.А. аттуу адам ошол кызматкердин иниси менен таанышып, ишенимине кирген. З.у.А. кылмыш ишти токтотуп берем деп акча талап кылган.
Алдамчылыкка шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Жапаров менен Ташиевдин жакындарыбыз деген шылуундар кармалды. УКМК видеосу