Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара делегациялары сүйлөштү

Sputnik
БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара делегацияларынын сүйлөшүүсү болуп өттү.
1 / 3

Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара делегацияларынын сүйлөшүүсү болуп өттү

2 / 3

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 19-майдан 25-майга чейин болгон.

3 / 3

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерин аныктоо боюнча сунуштар менен алмашканы айтылат.

Кийинки кезигүү Тажикстандын аймагында болот.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Буга чейин тараптар чек аранын 90 пайыздан ашыгын макулдашканы айтылган.
Марат Иманкулов Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдөгү оорчулуктарды атады