Эркек кишини "сүрөттөрүңдү таратам" деп коркутушкан. Шектүү Бишкектен кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Бишкекте тургунду "компроматтарды таратам" деп коркутуп, ири өлчөмдөгү акча талап кылып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Биринчи май РИИБге арыз түшкөн. Анда эркек киши белгисиз адамдар "жеке сүрөттөрүңдү ачыкка чыгарабыз" деп коркутуп, 200 миң сом талап кылып жатышканын айткан.
Шектүү катары Жалал-Абаддын 19 жаштагы жашоочусу кармалды. Ал арыз ээсинен 12 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Кылмышка катыштыгы барлар изделүүдө.
Ысык-Көлдө ишкердин бизнесин тартып алмак болгон 4 адам кармалды. Видео