Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарындагы фермерлер "Дордой-Балыкчы" эт комбинатын чийки зат менен камсыздаары күтүлүүдө. Бул облустардагы мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарга чоң түрткү болуп, мал багуунун мааниси арта турганы белгиленди.
"Бодо мал болобу, кой-эчки болобу, аларды чекене же дүңүнөн сатуудан сырткары, кайра иштетүү менен өзүбүздөн эт өнүмдөрүн өндүрүүгө багыт алабыз. Мында, албетте, өндүргөн продукцияларыбыздын ички рыноктон сырткары, тышка сатуунун көлөмү дагы көбөйөт. Буга жараша өндүрүш ишканасын ачып жаткан ишкерлерибиз эл аралык стандарттарга жооп берген сертификаттарга, ветеринариялык лабораторияга да ээ болушу зарыл. Анткени, ошол эле Кытай, Иран, Катар, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирликтери сыяктуу чет өлкөлөрдүн рынокторуна биздин экологиялык жактан таза эт өнүмдөрүбүздү чыгарып, таанытышыбыз кажет", - деди Жапаров.
Ишканада бир нөөмөттө 1000 майда жандык, 100 бодо мал союуга мүмкүндүк бар. Ошондой эле 100дөн ашык адам жумуш менен камсыздалган.
Комбинат заманбап лаборатория менен жабдылып, чыгарылган продукция эл аралык стандарттарга жооп берет жана ЕАЭБ, араб, Кытай рынокторуна экспорттолот.
Ишкананын наркы 6 миллион доллар, анын жарымын Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду каржылады. Фонддун Кыргызстандагы башкармалыгынын жетекчиси Артем Новиков товар тышкы рынокко да эскпорттоло турганын айтты.
"Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду долбоорду ишке ашырууга 3 миллион доллардан ашуун каражат бөлдү. Жалпы долбоордун наркы 6 миллион доллар. Ишканада бодо мал, майда жандыктар союлуп, стейк, котлет сыяктуу даяр продукция чыгарылат. Товар ички рынокко сатылып, ошондой эле ЕАЭБге жана башка өлкөлөргө экспорттолот", - деди Новиков.