Эне менен баланы ажыратпоо үчүн 15 жылда 300 баланы асыраган аялдын маеги

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет учурда 26 бала жашап жаткан үйгө барды. Ал Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашып, "Эне жана бала мээрими" реабилитациялык борбору деп аталат.
Sputnik
Биз барганда үйдө балдардын жарымы бар экен. Жарымы эртең менен мектепке кетишиптир. Таалайкүл Арзыматова "мында саат 6:30дан тартып эле тапыр-тупур жашоо башталат" деп кеп баштады. Адегенде эртең менен окугандар даярданып, тамактанып, балдардын улуулары кичүүлөрүн жетелеп мектепке кетишет. Андан соң түштөн кийин окуган балдар туруп дасторкон четине отурушат.
Борбордо жашаган балдардын 17синин апасы бар, бирок көбү миграцияда, айрымдары баласы менен чогуу жашаганга шарты болбой убактылуу багууга беришкен.
Арзыматова борбордун башкы максаты энени баладан, баланы энеден ажыратпоо экенин айтат. Буга байланыштуу 15 жылдык ишмердүүлүгүндө көптөгөн кыз-келиндердин тагдырынын түздөлүшүнө жолдошу Иса Өмүракунов экөө көмөктөш болушкан.
"Бул жерден көптөгөн үй-бүлөлөр сакталып, түзүлүп да калды. Жаш кыздар, студенттер жакшы кепке алданып жигиттеринен кош бойлуу болуп калышат... Ата-энелерине айта алышпайт, ошондой кыздарга да төрөп, баласына мээрим төгүшүнө, оор учурдан чыгып кетишине шарт түздүк. Жолдошум экөөбүз канча деген жигиттерди артынан издеп жүрүп таап келип, үйлөндүрдүк", — деди ал.
Ооба, борборду Иса Өмүракунов менен жубайы Таалайкүл Арзыматова негиздеп, экөө бири-бирине жөлөк-таяк болуп, башкалардын баш калкалоосуна шарт түзүшкөн. Бирок ушул жылы уясынан 300 баланы учурган үй ээси дүйнө салган.
Бул кайгысы менен бөлүшүп жатып Арзыматова борбордун иши турмуштан кыйналгандарды канатына калкалоо үчүн улана берерин белгиледи.
Баланы сүйүү iPhone менен өлчөнбөйт. Психологдун ата-энеге кеңеши видеомаекте