Садыр Жапаров: Асман шаарынын курулушу он чакты күндөн кийин башталат

2023-жылдын июнь айында өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушуна капсула салган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушу он чакты күндөн кийин башталат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, буга чейин шаардын капсуласы салынгандан кийин чет өлкөлүк өнөктөштөр “жашыл шаар” курууну сунуштап, долбоор өзгөртүлгөн.
“Былтыр капсула салгандан кийин чет өлкөлүк өнөктөштөр “жөн эле шаар куруп койбой, жашыл шаар кылалы” деген сунуш берген. Мындан улам мурдагы долбоорлорго өзгөртүүлөр кирип курулуш иштери созулуп келди”, - деди Жапаров.
Асман шаарынын курулушуна капсуланы мамлекет башчы былтыр 30-июнда салган.
Эске салсак, 2023-жылдын июнь айында өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушуна капсула салган. Аны сала турган инвесторлор бул шаар "акылдуу", коммерциялык, спорттук жана оюн-зоок секторлоруна бөлүнөрүн айтышкан. Мындан тышкары, шаардагы бардык таштанды кайрадан иштетилип турары, Ысык-Көлдүн ортосуна жасалма арал курулуп, шаарда жети жылдыздуу мейманканалар, казино, ири университеттер, музейлер, мечиттер, ооруканалар, гольф талаалары, жогорку ылдамдыктагы поезд, стадион, ипподром иштей турганы белгиленген.
Балыкчыда РКӨФтүн колдоосу менен заманбап эт комбинаты ачылды. Видео