Садыр Жапаров мектеп бүтүрүүчүлөрүн акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктады

Өлкө башчы бүтүрүүчүлөр үчүн алдыда эң маанилүү маселе – кесип тандоо турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Президент Садыр Жапаров мектеп бүтүрүүчүлөрүн акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктады.
Ал Ысык-Көл облусундагы "Акылман" президенттик лицейинде өтүп жаткан "Акылман - билим дүйнөсүндө" аттуу иш-чарага катышты.

"Бүгүн өлкөбүздүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты өтүп жатат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып билим уясынан турмуш сапарына канат каккан бүтүрүүчүлөргө ак жол каалай кетейин. Бул күн бүтүрүүчүлөрдүн ар биринин жашоосунда эстен кетпей турган эң маанилүү күн. Билим алган мектеп, таалим-тарбия берген мугалимдер менен коштошуп, турмуш жолуна аттанууга акыркы коңгуроо кагылып турат", – деген Жапаров.

Өлкө башчы бүтүрүүчүлөр үчүн алдыда эң маанилүү маселе – кесип тандоо турганына токтолгон.
"Силер турмуштун даңгыр жолунда ордуңарды таап, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу менен коом алдында жоопкерчилик алууга даяр болушуңар зарыл. Силерге жети өлчөп, бир кесип, жеке мүмкүнчүлүк, жөндөмүңөрдү байкап, каалооңор менен акыл көрөңгөңөр туура келген кесипти тандоого тилектешмин. Кандай кесипти тандасаңар дагы ата-энеңер, агай-эжейлериңер сыяктуу мен дагы албан-албан ийгиликтерди жаратышыңарды каалайм. Себеби силерге бүткүл өлкө, жалпы журтубуз үмүт артып турат", – деген президент куттуктоосунда.
Акыркы коңгуроодо жолдордо коопсуздук күчөтүлүп, атайын посттор коюлат