Аксыда унаалар кагышып, төрт киши мертинди

Кырсыктан дагы үч киши жаракат алды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 432-чакырымындагы Аксы районунун Сай айылында жол кырсыгы катталып, төрт киши каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун жол милициясы кабарлады.
Каргаша кечээ, 24-майда, 06:30дар чамасында болгон.
Анда Toyota Alphard унаасынын айдоочусу каршы тилкеде келе жаткан Daewoo Matiz машинасы менен сүзүшкөнү айтылат.
Каргашадан 4 адам мүрт кетсе, 3 адам ар кандай жаракат алган.
Үч баланын өмүрүн алган Ысык-Көлдөгү автокырсыктын чоо-жайы