Ак-Талаанын алыскы Кош-Дөбө айылында жаңы оорукана салынууда. Сүрөт

Оорукана 20 койкага ылайыкталып, 2 кабаттуу болуп салынмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Ак-Талаа районунун алыскы Кош-Дөбө айылында жаңы оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга президенттин Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Ак-Талаа районунун алыскы Кош-Дөбө айылында жаңы оорукананын курулушу башталды.

2 / 2

Буга чейин аталган айылда 1957-жылы ашар жолу менен курулган беш орундуу оорукана алыскы айыл калкына кызмат көрсөтүп келген.

Буга чейин аталган айылда 1957-жылы ашар жолу менен курулган беш орундуу оорукана алыскы айыл калкына кызмат көрсөтүп келген. Оорукананын имараты авариялык абалда болгондуктан республикалык бюджеттен 65,5 миллион сом бөлүнүп берилген.
Жаңы оорукана 20 койкага ылайыкталып, эки кабаттуу болуп салынмакчы.
Капсула салуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков, Нарын облусунун бийлигинин өкүлдөрү жана тургундары катышкан.
Эне жана баланы коргоо борборунда 350 орундуу корпустун курулушу башталды