Радио

Өлкөдө ак ниет ишкерлердин реестри түзүлүүдө. Кандай артыкчылыктар берилет?

Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын жетекчиси Муса Катаганов ак ниет ишкерлер мамлекеттик мекемелердин текшерүүсүнөн үч жылга бошотуларын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлүп жатат. Ага кошула турган бизнесмендерди министрликтеги ведомстволор аралык комиссия аныктайт. Учурда арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Муса Катаганов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ак ниет иштеген ишкерлерге кызматтык паспорт берилип, аэропорттордо "жашыл коридор" ачылат.
"2022-жылы мамлекет башчы "КРдин ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анын негизинде КРдин эмгек сиңирген ишкери наамы киргизилген. Экономикага салым кошуп, наамга ээ болгон ишкерлерге Кыргызстандын кызматтык паспортун алуу укугу берилет. Алар аэропортторго расмий делегациялардын, бизнес жана VIP залдары аркылуу акысыз өтө алышат. Ошондой эле эмгек сиңирген ишкерлер президенттин чет өлкөгө жасаган мамлекеттик жана расмий иш сапарлары учурунда делегациянын курамына дагы киргизилет. Ал эми реестрге кирген ишкерлер мамлекеттик телеканалдардан жарнама үчүн акысыз эфирдик убакыт алат, салык жана бажы кызматтарын кезексиз колдонот, Кыргызстандагы эл аралык көргөзмө, жарманке, форумдарга акысыз катышат. Мамлекеттик насыялоо программалары менен жеңилдетилген каржы алса болот. Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү укугу 17 мамлекеттик органда бар. Алардын ичинен Мамлекеттик салык кызматы, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция, Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик, Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат ишкерлерди көп текшерет. Салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, реестрге киргизилген учурдан тартып мамлекеттик мекемелердин текшерүүсүнөн үч жылга бошотулат", — деди Катаганов.
Ал ак ниет ишкерлердин реестринин негизинде мамлекеттик сатып алууларды жана башка дем берүүчү шарттарды жүзөгө ашырууда атайын режим колдонуларын кошумчалады.