26-майга карата аба ырайы

26-майга караган түнү айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жекшембиде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +12...+17, Таласта +11...+16, Ош, Жалал-Абад облустарында +18...+23, Баткен регионунда +17...+22, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын жергесинде +14...+19 градус болот.
Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +14...+16, Ошто +18...+20 градуска жетет.
Жаанчыл болобу? Май айына карата аба ырайы