Европа Россия менен кармашты баштоого даярданууда. Орбандын билдирүүсү

Өкмөт башчы Россиянын НАТОго кол салуу ыктымалдыгын четке каккан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Батыштын саясатчылары менен ЖМКларынын билдирүүлөрүндө Европа Россия менен согушка даярданып жатканы айтылып жатат. Бул туурасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Kossuth радиосунун эфиринде айтканын РИА Новости жазды.
"Дүйнөлүк эки согуштун алдында ЖМКларда согушка кирүү үчүн бир топ даярдыктар болгон. Бүгүн бул Брюссель менен Вашингтондо, тагыраагы, Вашингтонго караганда Брюсселде жүрүп жатат. Бул — болуп кетчү чатакка ылайыкташуу, ыңгайлашууга болгон даярдык. Европанын согушка киришине даярдык жүрүп жатат десек болот. Бул ЖМКларда жана саясатчылардын билдирүүлөрүндө айтылып жатат", — деген Орбан.
Ал Россиянын НАТОго кол салуу ыктымалдыгын четке каккан, ал эми "россиялык кооптуулук" боюнча кептер Батыштын согушка кирүү даярдыгындагы маневр экени белгиленди.
НАТОнун экс-кеңешчиси Россия менен болушу мүмкүн деген согуш боюнча оюн айтты