Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

ФСБ жетекчиси: Украина чалгын кызматынын "Крокустагы" терактыга тиешеси бар

Бортников согуш талаасында жеңилип бараткан Киев террор тактикасына өткөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. "Крокустагы" терактыга тиешеси бар 20 адам кармалды. Алардын арасынан кылмышка түз тиешеси барлары дагы аныкталган. Бул тууралуу Россия ФСБсынын директору Александр Бортников билдирди.
Ал КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органы менен атайын кызматынын жетекчилеринин Бишкекте өтүп жаткан 54-отурумуна катышууда.
Бортниковдун сөзүнүн урунттуу учурлары:
Тергөө жүрүп жатат. Биз Украинанын аскердик чалгындоосу "Крокустагы" чабуулга түздөн-түз тиешеси бар деп ишенимдүү айта алабыз. Учурда кылмышка катыштыгы барлардын бардыгын тактап жатабыз. Буга чейин 20дан ашык адам кармалган. Анын ичинен кылмышка түздөн-түз тиешеси барлары жана шериктери аныкталган.
Чалгын кызматтарыбыз дүйнө тез өзгөрүп жаткан кырдаалда иштеп жатат. Сырттан келген буйрук боюнча өз элинин талаптарына каршы чыгууну каалабаган мамлекеттердин чөйрөсү кеңейүүдө. Россия бул өлкөлөр менен тыгыз кызматташат. Маселе боюнча жаңы афган бийлиги менен тил табышууну оң тенденция деп эсептейбиз.
Согуш талаасында жеңилип бараткан Киев террор тактикасына өттү. Батыш көзөмөлгө алынган бейөкмөт уюмдар системасы аркылуу ксенофобиялык күн тартибин жайылтуу, жалган баалуулуктарды сиңирүү жана жалпы тарыхты бурмалоо аркылуу КМШны бөлүп-жаруу аракетинде.
Айрыкча баса белгилегим келет, дал батыштык колдоочулардын түздөн-түз кысымы астында Украина чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү боюнча ар кандай конструктивдүү эл аралык демилгелерге тоскоолдук кылып жатат. Тынчтыктын жасалма формулаларын жайылтышууда.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Ташиев: "Крокустагы" окуя террорчулук азыркынын ачуу көйгөйү экенин көрсөттү