Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина армиясы Крымга ракета кое берип, адамдар көз жумду

Крым менен Севастополдо террордук кооптуулуктун "сары" деңгээли белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Крымдын Симферополь районуна чабуул коюп, анын кесепетинен эки адам көз жумду. Бул туурасында республика башчысы Сергей Аксенов Telegram каналынан билдирди.
"Каршылаш тараптын жарым аралдагы Симферополь районуна жасаган чабуулунда көчөдөн кетип бара жаткан эки жай жаран көз жумду. Алардын жакындарына, туугандарына көңүл айтып, азасын бөлүшөм", — деп жазган ал.
Украинанын Куралдуу күчтөрү Россиянын чек арасына жакын жайгашкан аймактарды пилотсуз учуучу аппараттар менен аткылап, диверсия жасап келишет.
Крымга урулган соккунун алдында Краснодар аймагынын Кара деңиз жээктери пилотсуз учуучу техникалардын массалык аткылоосуна кабылган. Россиянын Коргоо министрлиги бир суткада 123 аппаратты атып түшүргөндүгүн билдирди. Крым менен Севастополдо террордук кооптуулуктун "сары" (жогорку) деңгээли белгиленген.
Эске салсак, жогорку ("сары") деңгээл террордук актылар жасалгандыгы жөнүндө реалдуу маалымат бышыкталган болсо коюлат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон Украинанын Белгородду аткылоосуна комментарий берүүдөн баш тартты