Жапаров: 4 жылда Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен соодасы 1,6 эсеге өстү

Ал 2023-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин үлүшү Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 33 пайызын түзгөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. 2019-2023-жылдар аралыгында Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен өз ара жана тышкы соодасынын көлөмү 1,6 эсеге өстү. Анын ичинде экспорт 1,8 эсе, импорт 1,5 эсе көбөйгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркмөнстанда (Ашхабад) өтүп жаткан КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында айтты.
Ал 2023-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин үлүшү Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 33 пайызын түзгөнүн белгиледи.
Жапаров акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү темпте өсүп жатканын, буга КМШ менен соода көлөмүнүн олуттуу өсүшү, ал мамлекеттер менен өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү дагы өбөлгө болгонун айтты.
"Интеграциялык бирикменин мейкиндигинде ишенимдүү транспорттук-логистикалык каттамдарсыз соода-экономикалык алаканы кеңейтүү, сооданы арттыруу мүмкүн эмес", — деген минкаб төрагасы.
Жапаров сөзүнүн соңунда кеңеш тарабынан күн тартиби боюнча кабыл алына турган чечимдер шериктештиктин элинин жашоо деңгээлин жогорулатууга, экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө багытталарына ишенимин билдирген.
Акылбек Жапаров Сердар Бердымухамедов менен Ашхабадда жолугушту