Таласта эки баласы менен өлтүрүлгөн келин. Шектүү жок кылынды

Кылмыш жасады делген адам издөөгө алынган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Таластын Ак-Башат айылында келинди эки баласы менен өлтүрүүгө шектелген адам жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, үрөй учурган окуя түндө болгон. Милицияга кабар саат 00:37де түшүп, жерине барган ыкчам топ 26 жаштагы келиндин, төрт жаштагы кызынын жана 2,5 жаштагы уулунун сөөгүн тапкан. Шектүү катары ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну издөөгө алынган болчу.

"Шектүү буга чейин да адам өлтүрүүгө аракет кылган. Келин эки баласы менен өлтүрүлгөндөн кийин тоодо жашынып, качып кетмек болгон. Кармоо учурунда жок кылынды", — деп айтылат кабарда.

Окуя боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Азырынча каргашанын себеби аныктала элек. Милиция кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Сөөк ашканада 9 күн жаткан. Жети-Өгүздө аялды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды